Бишкекте жыл башынан бери 3 миңден ашуун мыйзам бузуу аныкталып, 40 млн сомго айып салынды

Коом

Бишкек,03.06.24./Бишкек/.Бишкекте 2024-жылдын 5 айында көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга карата жалпы суммасы 40 млн 57 миң 500 сомго 3 615 протокол түзүлгөн.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анын 11 млн 862 миң 500 сому төлөнгөн.

Жарандар КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесин көп сакташкан эмес. Жанаша аймагындагы таштандыны тазалабагандарга 1 миң 702 протокол түзүлүп, 16 млн 933 миң сомго айып салынган.

Турмуш-тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-бөлүгүнүн 1-беренесине ылайык 439 протокол 5 млн 404 миң 500 сомго түзүлгөн.

Жашыл бак-дарактарды кыюу, кыртышты казуу, канализациялык, өнөр жайлык, мелиоративдик жана саркынды сууларды суу буруучу курулмаларга агызуу үчүн КР кодексинин 179-бөлүгүнүн 2-беренеси боюнча 417 протокол 4 млн 87 миң 500 сом суммасында түзүлгөн.

Өндүрүштүк, өнөр жайлык жана медициналык калдыктарды белгиленбеген жерлерге чыгаргандыгы үчүн КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-бөлүгүнүн 2-беренесине ылайык 332 протокол жалпы суммасы 5 млн 435 миң сомго түзүлгөн.

107-берененин 3-бөлүгүн бузгандыгы үчүн жарнама такталарын такталбаган жерге жайгаштыруу боюнча 193 протокол 625 миң сомго түзүлгөн.

Жолду жана көчөлөрдү булгагандыгы, зыянга учураткандыгы үчүн 177-берененин 2-бөлүгүнө ылайык 156 протокол түзүлгөн. Айып пулдун суммасы 3 млн 107 миң 500 сомду түздү.

Көрсөтмөнү аткарбагандыгы үчүн КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгү боюнча 105 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 1 млн 235 миң сом болгон.

Жалбырактарды, таштандыларды жана башка тыюу салынган заттарды өрттөө жолу менен абанын булганышынын 73 учуру аныкталган. Экологияны бузгандарга 115-берененин 3-бөлүгү боюнча 919 миң 500 сом айып салынды.

Көп батирлүү турак үйлөрдө санитардык эрежелерин сактабагандыгы үчүн 110-берене боюнча 40 протокол 460 миң сомго түзүлгөн.

КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 249-беренеси боюнча 23 протокол 199 миң сомго түзүлгөн.

Жазма буйрукту кайталап аткарбагандыгы үчүн 434-берененин 2-бөлүгү боюнча 3 протокол түзүлгөн, анын баасы 90 миң сом.

КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 246-беренеси боюнча 2 протокол 11 миң сомго түзүлгөн.

КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 439-беренеси боюнча 13 миң сомго 1 протокол түзүлгөн.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы ушул жылдын январь айында жеке жана юридикалык жактардын борборду көрктөндүрүү эрежелерин сактоосун көзөмөлдөө жана абанын булганышын алдын алуу максатында түзүлгөн.