Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-декабрда Кыргыз Републикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү журналисттердин ролу, учурдун актуалдуу маселеринин бири – жалпыга маалымдоо каражаттарындагы сабаттуулук көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдорун талкуулоого багытталган “Журналистикадагы оозеки жана жазуу маданиятынын көйгөйлөрү” аттуу семинар уюштурду.
Иш-чаранын ачылышында мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, маданият жана маалымат министри Нуржигит Кадырбековдор сөз сүйлөдү.

Семинарга мамлекеттик жана жеке менчик телерадио компаниялардын журналисттери, блогерлер, адис тилчи-окумуштуулар, коомдук ишмерлер катышты.

Семинардын жүрүшүндө учурдагы теле-радио, гезит-журнал, социалдык тармактардагы сабаттуулук маселелеринин абалы талдоого алынып, орфография, орфоэпия, пунктуация эрежелеринин сакталышы боюнча ойлор, сунуш-пикирлер айтылды.
Ишекеев ЖМКлар менен ушул багыттагы иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп келе жаткандыгын жана мындай өз ара пайдалуу кызматташуу келечекте да улантыларын белгилеп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан журналисттерге комиссиянын атайын сыйлыктарын тапшырды.