Бишкекте жол кырсыгы болуп, кичиавтобус оодарылып калган - фото

Кырсык

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Бишкекте Бах көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишинде жол кырсыгы болду.

Агенттиктин кабарчысы билдиргендей, "Мерседес" үлгүсүндөгү унаа менен "Мерседес" кичиавтобусу кагылышып, кичиавтобус оодарылып кеткен.

Унаадагылар андан өз алдынча чыгышкан.