• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бишкекте жеңил унаа толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Бишкекте жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 7-кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанында “Мерседес-Бенц S-500” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, саат 05:38 өрт чектөөгө алынып, 06:06да өрт толук өчүрүлдү.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий