Бишкек, 15.06.19. /Кабар/. Бишкектин Ч. Айтматов менен Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаа менен скутер сүзүштү. Жол кырсыгы бүгүн, 15-июнь күнү болжол менен саа 10:30да болгон.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, жол кырсыгынан кийин жеңил унаанын 31 жаштагы айдоочусу менен скутерди башкарып бара жаткан адамды тез жардам унаасы ооруканага алып кеткен.