Бишкекте жеңил унаа кызды сүзүп кетти

Кырсык


Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 29-июлда KIA үлгүсүндөгү унаа Эркиндик бульвары менен Жибек Жолу көчөсүнүн кесилишинде кызды сүзүп кетти.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, унаа сүзүп кеткен 19-20 жаштагы кыз ооруканага жеткирилген. Унаа айып аянтчасына токтотулган. Окуянын себеби аныкталууда.