Бишкекте жеңил атлетика боюнча ачык чемпионат өттү

Спорт

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Биринчи май районунун С.Жуманазаров атындагы спорт мектебинин күзгү ачык чемпионаты өткөрүлдү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мелдешке 2004-2005, 2006-2007 жана 2008-жылы туулган жана андан кичүү 189 спортчу катышты.

Спорттук иш-чаранын максаты - жеңил атлетиканы жайылтуу жана өнүктүрүү, балдарды жана өспүрүмдөрдү дайыма жеңил атлетикага тартуу жана ден соолукту чыңдоо болуп саналат.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери диплом, медаль жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.