• 87.43
  • 102.54
  • 1.11

Бишкекте "Жаз деми" жарышы өтүп, ага 3 миңден ашуун адам катышты

Коом 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Бишкекте жыл сайын өтүүчү "Жаз деми" жарышы өтүп, ага 3 миңден ашуун адам катышты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарышты Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен Nomad Sport командасы уюштурган.

Катышуучулар Аска-Таш мемориалдык комплексине чогулуп, анда старт-финиш шаарчасын түзүштү. Жарыш маршруту Фучик көчөсү менен өттү.

Жарыштын алкагында катышуучулар 5 чакырым, 10 чакырым, 21,1 чакырым аралыктарга чуркашты. Ошондой эле жарым марафондун алкагында "Kid's Run" 3 жаштан 13 жашка чейинки жөө күлүктөр арасында чуркоо уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий