• 87.32
  • 99.37
  • 1.05

Бишкекте жашыл аянттарды зыянкечтерден коргоо иши жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.05.23./Кабар/. Бишкекте жашыл аянттарды зыянкечтерден коргоо иши жүргүзүлө баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Бишкекжашылчарба" ишканасы 1-майдан 15-майга чейин "Шаардагы бак-дарактарды илдеттерге жана зыянкечтерге каршы комплекстүү дары-дармек менен дарылоо" программасынын негизинде иш алып барууда.

Иш-чаранын максаты - бак-дарактарды зыянкечтерден коргоо жана жакшы өсүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Мэриядан белгилешкендей, дары чачуу иштери түнкүсүн жүргүзүлүп, айлана-чөйрөгө жана пайдалуу организмдерге зыяны жок препараттар колдонулууда.

Пикир

Оставить комментарий