• 86.46
  • 93.37
  • 1.03

Бишкекте "Жаш таланттар 2022" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Коом 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Бишкекте Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин балдар искусство мектептеринин окуучуларынын арасында “Жаш таланттар-2022” кароо-сынагы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сынакка жалпысынан борбор калаадагы балдар искусство мектептеринин 7 жаштан 18 жашка чейинки 48 окуучусу 4 номинация боюнча катышты.

Сынактын жыйынтыгында 23 жеңүүчү аныкталып, "Диалог" маданият үйүндө 23 жеңүүчүнү жана 23 мугалимди сыйлоо аземи менен гала-концерт өткөрүлдү.

Жеңүүчүлөргө Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери департаментинин акчалай сыйлыктары жана Ардак грамоталары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий