Бишкекте жаш кыздын телефонун тартып алган адам кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Бишкекте жаш кыздын телефонун тартып алган адам кармалды, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-февралда болжол менен саат

2021-жылдын 28-февралында болжол менен таңкы саат 06:00дө милицияга калаадагы Д. Сяопин жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефон тоноп кетишти деген маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлерине 1994-жылы туулган М.Б. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Кыз өз арызында М. аттуу чала таанышы аны коркутуп, 16 миң сомдук “Редми Нот-9” үлгүсүндөү уюлдук телефонун тартып алгандыгын айткан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам иш-аракеттин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Т.И. аттуу жаранды кармап, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Аталган факт Ленин райондук милициясы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.