Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Бишкекте жасалма номер менен жүргөн Honda Fit унаасы кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 21-апрелинде кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 23:10дор чамасында Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Honda Fit үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Honda Fit унаасынын 1985-жылы туулган М.А. аттуу айдоочусу унаасына жасалма номер тагып жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.