Бишкекте жаңы жылдык балатынын оту жандырылды

Коом

Бишкек, 14.12.19. /Кабар/. Кечээ, 13-декабрь күнү кечинде Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык балатынын оту жандырылды.

Балатынын жандырылышынан кийин "Ала-Тоо" аянтында концерттик иш-чара болуп өттү.

Борбордук аянтта орнотулган балатынын бийиктиги 27 метр болсо, диаметри 12 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, балатыны орнотуу жана жасалгалоо иштерин "Бишкек жарыктандыруу" жана "Тазалык" ишканаларынын кызматкерлери жасаган.