Бишкекте жаңы окуу жылына даярдык кызуу жүрүүдө

Коом

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Бишкекте жаңы окуу жылына даярдык кызуу жүрүүдө.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, Свердлов районунун башчысынын орун басары Асел Садыкова №4, 21, 35, 32, 87, 94 мектептердин жылытуу системасын, чатырын капиталдык оңдоо, электр зымдарын алмаштыруу, санитардык түйүндөрдү оңдоо боюнча жүрүп жаткан иштерди текшерип чыкты.

Учурда №23 мектеп жана №187 бала бакчанын от казандары жаратылыш газына өтүүгө даяр. Курулуш иштери, от жагуучу жабдууларды орнотуу иштери аяктап, жаратылыш газына кошулуу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, №32, 35 мектептин имараты жана №12 бала бакчанын "сэндвич-панель" ыкмасы менен газ казаны үчүн темир каркасты орнотуу боюнча иштерди аяктоодо.

Бүгүнкү күндө бардык мекемелер окуучуларды кабыл алууга даяр, Свердлов районунун аймагындагы жалпы билим берүү мекемелериндеги капиталдык оңдоо иштери аяктоодо.