Бишкекте велосипедчен кызды маршрутка коюп кетти

Кырсык

Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Бишкекте 13 жашар велосипедчен кызды жүргүнчү ташуучу “Mercedes-Benz” үлгусүндөгү маршрутка коюп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 13:25тер чамасында Профсоюз-Кайназаров көчөлөрүнүн кесилишинде кичиавтобусту башкарып келе жаткан 45 жаштагы айдоочу өспүрүмдү койдуруп кеткен.

Жабыркаган кызды тез жардам унаасы менен ооруканага жеткиришкен. Ал эми унаа атайын айып унаа токтотуучу жайга киргизилген.