Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук администрациясынын адистери тарабынан күйүүчү-майлоочу майлардын стихиялуу соода түйүндөрүн жоюу боюнча пландуу рейд жүргүзүлдү.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Профсоюз көчөсү текшерилди, бул жерде билдирүүлөргө карабай, уруксатсыз бензин сатуучу пункттар кайра-кайра пайда болуп жатат.
Ошондой эле, Эркиндик бульварынын боюнда эки мыйзамсыз соода түйүнү аныкталды.
Мыйзамсыз соода жүргүзгөн ишкерлерге карата КР «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренесине ылайык административдик протоколдор түзүлүп, экинчи категориядагы айып салууга алып келет: жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13000 сом.
«Мыйзамсыздардын» ээлери менен КРнын мыйзамдарын бузууга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул багыттагы иштер улантылууда.
Бишкекте уруксатсыз бензин саткан пункттар жоюлду
30/11/21 15:40 Коом