Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Бишкектин Көк-Жар конушунда унаанын дөңгөлөгүн уурдаган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-мартта саат 13:40тар чамасында "102" кызматына Көк-Жар конушунан унаанын дөңгөлөктөрү уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жиберилген. 32 жаштагы Ш.Т. аттуу жаран ошол эле күнү жашы 30-35 курактагы белгисиз жаран автоунаасынын дөңгөлөгүн жашыруун уурдап кеткендигин билдирген.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 33 жаштагы В.Е. аттуу жаранды кармашкан. Шектүү Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлгөн.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.