Бишкекте турак жай өрттөнүп кеткен – сүрөт

Кырсык

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. Бишкектин Т.Айтматов көчөсүндө 2-май күнү турак үйдөн өрт чыккан.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө үч күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен тилсиз жоо саат 04:15те чектөөгө алынып, саат 06:41де толук өчүрүлгөн.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.