• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бишкекте турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Бишкектеги Горький көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 09:24тө чектөөгө алынып, толугу менен саат 10:52де өчүрүлдү.

Такталган маалымат боюнча, жыгач устундуу шифер жабылган аянты 80 чарчы метр турак үйдүн чатыры жана шыбы күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий