Бишкек, 05.12.18 /Кабар/. Бишкекте №17 троллейбус менен Kia автоунаасы кагылышып, бир адам каза болду. Бул тууралуу шаардык автоинспекциясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 5-декабрда эртең мененки саат 7.00гө жакын Юнусалиев проспектиси менен Суванбердиев көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза болуп, троллейбустун айдоочусу ооруканага жеткирилген.
Троллейбустун ичиндеги жүргүнчүлөр жабыркаган эмес.