• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бишкекте токойлорду туруктуу башкарууга багытталган улуттук семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда Кыргызстанда токой кызматкерлеринин кесиптик майрамынын алдында "Кыргызстандын токойлорун туруктуу башкаруу жана жаратылышты коргоо баалуулугу жогору токойлордун башкаруу ыкмаларын киргизүү" атуу улуттук семинар өттү.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, семинардын негизги максаты жаратылышты коргоочу баалуулугу жогору токойлорду башкаруу жана токойлорду туруктуу башкаруу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, ошондой эле Батыш Тянь-Шандын максаттуу токой чарбаларында ТТБны ыктыярдуу сертификаттоону пилоттоо болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Токой чарбасын туруктуу башкаруунун Улуттук стандартынын иштелип чыккан долбоору жооптуу токойду башкаруунун инструменттеринин бири катары өзгөчө кызыгууну жаратты.

Ошондой эле максаттуу Токтогул токой чарбасында эл аралык эксперттердин катышуусу менен токой чарбасын жүргүзүүдө экологиялык, социалдык жана экономикалык принциптерди эске алуу менен эл аралык стандарттын критерийлерине ылайык ыктыярдуу сертификаттоону сыноо боюнча иштер башталды.

Пикир

Оставить комментарий