Бишкекте тез татым саткан түйүн өрттөндү

Кырсык

Бишкек, 22.04.23./Кабар/. Бишкектин Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым сатуучу түйүн өрттөнгөн.

ӨКМден кабарлашкандай, окуя күн мурун, 21-апрелде катталган. Жерине бир күжүрмөн эсеп тартылып, саат 12:35де жалын толук өчүрүлгөн.

Такталган маалыматка ылайык, өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.