Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Бишкекте талаптарга жооп бербеген жарнамалар алынууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнөн баштап Киев-Манас проспектине чейин 45 жарнамалык штен, 7 жарнамалык пано, 19 жарнамалык баннер алынды.
Бул багыттагы иштер улантылат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы «КР мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын талаптарына жооп бербеген жана уруксатсыз орнотулган жарнамаларды алуу иштерин күчөтүүдө.