Таэквондо боюнча Бишкек шаарынын VI чемпионаты жана биринчилиги аяктады

Коом

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Таэквондо ГТФ боюнча Бишкек шаарынын VI чемпионаты жана биринчилиги аяктады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чемпионат 28-июндан 30-июнга чейин Чолпон-Ата шаарында өтө турган "PEARL OF KYRGYZSTAN" алкагында КМШ Кубогуна арналган.

Мелдешке 12-14, 15-17 жана 18 жаштан өйдө топтордо хъенг, массоги, пункт-стоп жана командалык дубал программалары боюнча 369 таэквондочу катышты.

Командалык дубалдын чемпиондору кубок жана башка белектер менен сыйланышты.

Жалпысынан мелдеште 95 комплект медаль, кубок, диплом жана баалуу сыйлыктар ойнотулду.