• 87.45
  • 101.67
  • 1.12

Бишкекте түнү 41 жаштагы аял каналга түшүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Бишкектеги Сухэ-Батора жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналга 1977-жылы туулган М.Г., аттуу аял түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аял кечээ, 1-ноябрда болжол менен саат 23:44төр чамасында түшүп кеткен, ал учурда каналда суу болгон эмес.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары келип, аялды алып чыгышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий