Бишкекте сыра куюлган бөтөлкөлөрдү колонияга өткөрүүгө аракет кылышкан

Укук тартиби


Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарында жайгашкан №47 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан колонияга тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракети токтотулган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында №47 түзөтүү тмекемесинин кызматкерлери 14,5 литр сыраны колонияга өткөрүүгө аракет кылып жатып, 1993-жылы туулган К.Р.К аттуу жаранды кармашкан.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталып, топтолгон материалдар андан ары териштирүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.