Бишкекте спорттун 8 түрү боюнча мэрдин Кубогу өтүүдө

Спорт

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Бишкекте түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин кызматкерлеринин арасында Бишкек шаарынын мэринин Кубогу-2023 мелдешинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Спартакиада 4-ноябрында аяктайт.

Мелдештер спорттун 8 түрү боюнча өткөрүлөт: кичи-футбол, волейбол, стол тенниси, шахмат, дартс, аркан тартыш, бильярд жана сууда сүзүү.

Спорттук иш-чаранын ачылышына мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамкановдун катышуусунда өттү.

Мелдештин максаты - президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу жана түзүмдүк бөлүмдөрдө дене тарбия жана спортту андан ары өнүктүрүү, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартуу болуп саналат.