Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Бишкекте жиу-житсу боюнча өлкө чемпионаты өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 18-19-март күндөрү “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда болуп, ага республиканын бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген 300 спортчу катышты.
Чемпионат 18 жашка чейинки өспүрүмдөр, 21 жашка чейинки жаштар жана чоңдор арасында өттү.