Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Бишкекте өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо маселеси талкууланды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Аскар Шайкидинов катышты.
Анда министрлер кабинетинин тийиштүү токтом, тескемелерин аткаруу жана өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алуу чаралары талкууланды. Ошондой эле окуучуларга жол эрежелерин үйрөтүү багытындагы класстык бурчтарды, окуу-методикалык программаларды жаңыртуу жана өзгөртүү жагдайлары каралды.
Жыйындын жүрүшүндө Жеңишбек Жоробеков акыркы жылдары балдардын катышуусунда жол кырсыктары азайганы менен, бүгүнкү күндө бул дагы эле маанилүү көйгөй катары калып жаткандыгын баса белгилеп, биргелешип иш алып баруу зарылчылыгын айтты. Балдарга жол эрежелери туурасында интернет булактарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына профилактика иштерин кеңири чагылдырып турууну жана жол кырсыктарынын алдын алууга карата жашоодон алынган чыныгы окуяларды сахналаштырып коомчулукка чагылдырууну Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине сунуштады.
Ал эми Билим берүү жана илим министрлигине жол эрежелерин үйрөтүү боюнча сабактарды, жол коопсуздугу багытында тегерек столдорду, илимий- практикалык конференцияларды, сынактарды уюштуруп туруу сунушталды.
Кеңешменин соңунда өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо жана жалпы жол кыймылынын катышуучуларынын жолдо жүрүү маданиятын жогорулатуу багытында аткарыла турган иш мерчемдерди түзүү боюнча биргелешкен протоколдук тапшырмалар берилди.
Пикир
Оставить комментарий