Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Бишкекте өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктен билдиришти.
Мелдеш 11-12-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болду.
Республикалык чемпионатта өлкөнүн 5 облусунан: Чүй, Ош, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Ош, Бишкек шаарларынан 483 мушкер катышты.
Эркектер арасында 8 (50, 55, 60, 66, 73, 81, 90 кг жана 90 кг жогору) жана кыздар арасында 8 (40, 44, 48, 52, 57, 63, 70 кг жана70 кг жогору) салмак категориясындагы спортчулар күч сынашты.
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундун ээлери диплом, медалдар менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Дзюдо федерациясы тарабынан уюштурулду.