Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Бишкекте өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, мелдеш 11-12-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болот.
Чемпионат эл аралык мелдештерге катышуу үчүн дзюдо боюнча улуттук курама команданы түзүү максатында өткөрүлөт.
Спортчулар 16 салмакта күч сынашат:
Өспүрүм балдар арасында 50 кг, 55 кг, 60 кг, 66 кг, 73 кг, 81 кг, 90 кг;
Өспүрүм кыздар арасында 40 кг, 44 кг, 48 кг, 52 кг, 57 кг, 63 кг, 70 кг жана 70 кг салмагынан жогорулар.
Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мелдеш көрүүчүлөрсүз өтөт.