Бишкекте өспүрүм кыз 12-кабаттан кулап көз жумду

Кырсык

Бишкек, 10.01.23. /Кабар/. Бишкекте өспүрүм кыз 12-кабаттан кулап көз жумду. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, бүгүн, 10-январда саат 8:41де Т.Абдымомунов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан кыз кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Ал 16 жаштагы К.Н. аттуу кыз экени аныкталган. Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки иштер башталды.

Тиешелүү экспертизалар дайындалды.