Бишкекте скейтпарк ачылды

Коом

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Кыргызстандагы биринчи скейтпарк Ынтымак-2 паркынын аймагында ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, скейтпарк демөөрчүлөрдүн каражатына курулду.

Скейтпаркты Октябрь районунун акими А.Дороев жана спорттун экстремалдык түрлөрү федерациясынын өкүлү Б.Мамаюсупов ачты.