Бишкекте шотокан каратэ-до боюнча турнир өттү

Спорт

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Бишкектеги “Жеңиш” спорт мектебинде 500дөн ашык спортчунун башын бириктирген шотокан каратэ-до боюнча масштабдуу турнир өттү.

Мэриянын маалыматына ылайык, турнир шаардын спорттук турмушунда маанилүү окуя болуп, катышуучуларга калыс күрөштө күч сынашып, өзүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берди.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча командалар төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөтүштү:

- «Жеңиш» спорт мектеби 22 алтын, 10 күмүш жана 14 коло медаль утуп, 1-орунду ээледи;

- Starcarateclub 19 алтын, 21 күмүш жана 13 коло медалга ээ болду;

- Бишкек Skif Chyi 14 алтын, 19 күмүш жана 16 коло медаль алды;

- Бишкектин шотокан каратэ-до федерациясы 6 алтын, 11 күмүш жана 16 коло медалга ээ болду;

- Shito-ryu 2 коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, аталган турнир спортчулардын даярдыгынын жогорку деңгээлин дагы бир жолу тастыктады, ошондой эле катышуучулардын арасында тажрыйба алмашуу жана спорттук маанайды чыңдоо аянтчасы болду.