• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Бишкекте самбо боюнча өлкөнүн чемпионаты аяктады

Спорт 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Бишкекте эркектер жана кыз-келиндер арасында самбо боюнча өлкөнүн чемпионаты аяктады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдеш 4-6-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү.

Таймашка өлкөнүн бүт аймагынан жалпы 260 спортчу 15 салмак категорияда күч сынашты.

Пикир

Оставить комментарий