Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Бишкекте өсүмдүк майынын 1 литрин 110 сомдон сатып алууга болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.
Маалыматка ылайык, майды шаардын Л.Толстой көчөсү, 234 дарегинде жайгашкан Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук базасынан алууга болот. Байланыш телефону: 0558 90 06 66.
Базада сатылып жаткан май Россияда өндүрүлгөн, баасы монополияга каршы орган тарабынан белгиленген.
Пикир
Оставить комментарий