• 87.32
  • 99.37
  • 1.05

Бишкекте өрт өчүрүү учурунда куткаруучу жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Бишкекте өрт өчүрүү учурунда куткаруучу жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Тыналиев көчөсүндө жалпы аянты 15 чарчы метр эки кабаттуу кеңсенин экинчи кабатындагы кампа бөлмөсүнүн шыбы күйгөн.

Өрт өчүрүү учурунда 28 жаштагы О.А. аттуу куткаруучу оң колунун манжасын тилдирип алган жана тез жардам кызматына өткөрүп берилген.

Кошумчалай кетсек, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.

Белгиленгендей, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 4, Ош шаарында 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт катталган.

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий