Бишкек, 03.08.18. /Кабар/. Бишкектеги “Аккула” ат майданында президенттин кубогу үчүн көк бөрү боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Турнир 25-августта башталып, Эгемендүүлүк күнүндө – 31-августта аяктайт.
Оюнга биринчи лигадагы командалар гана катыша алышат. Командалар оюнга катышуу үчүн билдирмелерин 15-августка чейин бериши керек.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, турнирди өткөрүүдөгү максат – спорттун аталган түрүн популяризациялоо, элдин биримдигин бекемдөө.
Эске салсак, көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн оюн жыл сайын өткөрүлүп келет. Акыркы жолу Ош облусунун “Достук” командасы чемпион аталган.