Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Бишкектеги Скрябина көчөсүндө аянты 24 чарчы метр иштебеген павильон толугу менен күйгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ичинен 2 белгисиз адамдын жансыз денеси табылган
Жерине куткаруучулар келип, маркумдардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
 
	 
                                                         
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий