Бишкекте окуучулар жалпы республикалык тестти качан жана кайсы жерде тапшырат?

Билим

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөө үч этапта өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык,

-биринчи этап 24, 25-майда:

Свердлов районундагы №4 МГ, №38 ОТК МГ, №45 орто мектеп, №65 ЭЭЛ, №66 ОТК, №94 орто мектептеринин базасында;

- Ленин районундагы № 9 ОТК МГ, № 13 МГ, № 31 МГ, № 68 ОТК МГ, № 72 МГ, № 84, № 93, № 96 орто мектептеринин базасында;

- экинчи этап 27, 28-майда:

Октябрь районундагы №3, №26 ГК, №39, №62 ОТК МГ, №63, №64, №88 мектептердин базасында;

- Биринчи май району боюнча №6 АОТК, №27 орто мектеп, №28, №29 ОТК МГ, №24 МГ, №69 ОТК МГ мектептеринин базасында.

- үчүнчү этап 24, 25-июнда:

- ЖРТ жүйөлүү себептер менен тестирлөөдөн өтпөй калган абитуриенттер үчүн кошумча тизме боюнча өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы бүтүрүүчүлөргө жалпы республикалык тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, жогорку окуу жайга тапшырууну чын жүрөктөн каалайт.