Бишкнк, 30.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 26-28-май күндөрү Бишкек шаарында окуу-методикалык комплекстерди гендердик дискриминацияга каршы экспертизалоонун методологиясы боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, иш-чараны Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» республикалык илимий-практикалык борбору окуу китептеринин авторлору, ошондой эле болочок авторлор үчүн уюштурду.
Семинардын катышуучулары:
- окуу-методикалык комплекстерди гендердик дискриминацияга каршы экспертизалоонун концептуалдык негиздери жана методологиясы менен таанышышты;
- окуу-методикалык комплекстерди түзүүдө адам укуктары, гендердик, социалдык инклюзия, басмырлоого жол бербөө маселелерин эске алуунун зарылчылыгы жана маанилүүлүгү жөнүндөгү түшүнүктөрүн жогорулатышты;
- гендердик дискриминацияга каршы экспертизалоо инструменттерин иш жүзүндө өздөштүрүштү.
Тренингде машыктыруучулук-окутуучулук милдетти Чынаргүл Давлетова, Зульфия Көчөрбаева, Нора Сюналиева, Бактыгүл Исланбековалар аркалашты.
Иш-чараны өткөрүүгө Европа биримдиги, «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси (Кыргызстан), «Данило Дольчи» креативдүү борбору (Италия), Бириккен Улуттар Уюму ишке ашырып жаткан «Спотлайт» демилгеси, ЮНИСЕФ көмөктөшүп, финансылык колдоо көрсөттү.