Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Бишкекте милиция тоноого шектүү жаранды колго түшүрдү.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 2021-жылдын 4-июлунда милицияга болжол менен саат 22:47лер чамасында Манас жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлери 2001-жылы туулган П.З аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз жаран анын "Редми Нот-6" үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун ачык түрдө тартып алгандыгын айткан.
Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган М.А. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Бул факты Биринчи май райондук ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.