Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери бейбаштык кылган аялды кармады.
Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кун мурун, 23-декабрда болжол менен саат 08:30 чамасында Бишкек шаардык милициясынын "102" кызматына Осмонкул жана Салиев көчөлөрүнүн кесилишинде кыздар урушуп жатат деген маалымат түшкөн.
Айтылган дарекке келген милициянын кайгуул кызматкерлери 1989-жылы туулган Ш.А. аттуу айым арыз менен кайрылган.
"Анда ошол даректен болжол менен саат 08:15 чамасында белгисиз айым арыз ээси менен урушуп, башына белгисиз буюм менен чаап жиберген. Арыз ээси ушул айымга карата чара көрүүнү кайгуул кызматкерлеринен өтүнгөн", - деп айтылат маалыматта.
Ыкчам кармоо иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган А.А. аттуу айым кармалып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.
Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.