Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Бишкекте “Менин саламаттыгым – менин укугум” аттуу жарыш өтөт. Ал 1,5 км аралыкты түзөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Спорттук иш-чара 6-апрелде “Газпром” балдар спорттук-эс алуу комплексинде саат 10:00дө старт алат.
Белгилей кетсек, жарыш бир жумадан кийин Кыргызстандын бардык аймактарын камтый турган “Ден соолук кербенинин” старт алуу пункту болот.
Жарыш Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналып өткөрүлүүдө.
