Бишкекте мектептерди капиталдык оңдоо иштери уланууда

Коом

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Бишкекте мектептерди оңдоп-түзөө иштери уланууда, анын ичинде эки имаратты бекемдөө иштери жүрүүдө.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, 360 орунга эсептелген №76 орто мектепте 1-2-кабаттарды демонтаждоо иштери аяктап, ички дубалдарын бетондоо иштери жүрүп жатат.

Долбоордун кубаттуулугу 380 окуучуга ылайыкталган №10 орто мектепте ички дубалдарын торкеттештирүү жана терезелерин бекемдөө иштери бүткөрүлдү. Бетон куюу иштери жүргүзүлүүдө. (сейсмикалык тилке).

Эки имараттын тең пайдубалы да бекемделет.

"Белгилей кетсек, №76 мектептин дээрлик бир кылымдык тарыхы бар, ал 1926-жылы, ал эми №10 мектеп 1938-жылы курулган", - деп айтылат маалыматта.

Маалымдама: Торкеттештирүү – бетонду же майда фракциядагы цемент аралашмасын көп катмарлуу чачуу ыкмасы, чоң көлөмдөгү курулуш, калыбына келтирүү же бекемдөө иштерин жүргүзүү үчүн колдонулат. Аларды ишке ашыруу үчүн атайын бетон орнотуулар колдонулат.