Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде №70 мектептин жанында бүгүн саат 10:45 чамаларында унаа жүргүнчүлөр өтмөгүнөн мектеп окуучусун сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен.
Баланын ата-энеси баардык көргөн-билгендерге кайрылып, айдоочунун табууда жардам берүүнү суранышат.
“Кабар” агенттигине шаардык автоинспекциядан кабарлашкандай, алар бул окуя тууралуу кабардар. Бирок айдоочуну табуу иштерин унаанын мамлекеттик номурлары жана үлгүсү белгисиз болгондугу оорлоштурууда.