Бишкекте мейманканадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Кырсык

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Бишкектеги Жумабек көчөсүндө жайгашкан "Голд" мейманканасынан чыккан өрт саат 00:54тө толугу менен өчүрүлгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, аталган даректен чыккан өрт саат 22:41де чектөөгө алынгандыгы кабарланган болчу.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.