Бишкекте маршрут айдап бара жатып кино көргөн айдоочу кармалды

Коом

Бишкек, 03.08.18 /Кабар/. Бишкекте маршрут айдап бара жатып кино көргөн №128 маршруттун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-августта социалдык тармактарда коомдук транспорттун айдоочусу жолдо унаасында кино көрүп жаткан видео жарыяланган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын Бишкек боюнча техникалык бөлүмү № 128 маршруттун айдоочусу Билимбек Токтоназаровду кармаган.

Айдоочуга карата административдик иш козголгон. Техникалык бөлүмдүн башчысы Белек Алымов Токтоназаров жана маршруттун бригадири менен сүйлөшүп, алдыда мындай бузууга жол бербөөсүн айткан.