Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. Бишкекте ушул жылдын 30-майында “Сейтек” балдар жана жаштар улуттук борборунда “Манастын урпактары” аталыштагы шаардык фестиваль өтөт.
Иш-чарага калаадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы 3-7 жаштагы балдар катышат.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара кыргыздын тарыхый мурасы болгон “Манас” эпосуна жана Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган.
Фестивалдын негизги максаты балдар арасында кыргыз элинин мурастарын жана “Манас” эпосу тууралуу маалыматтарды жайылтуу.