Бишкекте М.Ауэзовдун 120 жылдыгына арналган илимий конференция болот

Маданият

Бишкек, 07.09.17. /Кабар/. Кыргыз улуттук академиясында 15-сентябрда казак акыны, жазуучу, котормочу, драматург Мухтар Ауэзовдун 120 жылдыгына арналган илимий конференция болот.

«Академик М.Ауэзов илимде жана маданиятта» аталыштагы илимий-практикалык конференцияга фольклорчулар, адабиятчылар, филологдор, философтор, тарыхчылар, этнографтар, маданият жаатында серепчилер жана саясатчылар катышмакчы.

Иш чаранын алкагында катышуучулар өздөрүнүн чыгармаларын да сунушташат.